РаспоряжениеДействует

Распоряжение Премьер-министра КР от 15 июня 2015 года № 237 (О составе межведомственной комиссии по изучению методов добычи сырья угледобывающими компаниями на угольном месторождении Кара-Кече)

Редакцияот 15.06.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2015-жылдын 15-июну № 237

Кара-Кече көмүр кенинде кемүр казуучу компаниялар тарабынан чийки зат казуу методдорун иликтөө жана айлана-чөйрөнү жана жер казынасын коргоону жакшыртууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кара-Кече көмүр кенинде көмүр казуучу компаниялар тарабынан чийки зат казуу методдорун иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

Комиссия он күндүк мөенөттө:

2. көмүр казуучу компаниялардын чийки затты казуу методдорун иликтөө үчүн Кара-Кече көмүр кенине барсын;

жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча айлана-чөйрөнү жана жер казынасын коргоону жакшыртууга багытталган сунуштарды иштеп чыксын жана киргизсин.

3.  Комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.

4.  Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун- энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу белүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А.Сариев

 

 Тиркеме

Кара-Кече көмүр кенинде көмүр казуучу компаниялар тарабынан чийки затты казуу методдорун иликтөө боюнча ведометволор аралык комиссиянын курамы

 

Джунушалиев Туратбек Шаршенкулович 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,

Садыков Нурлан Маткасымович

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр   жай   министринин   орун басары, ведомстволор       аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.

Асизов Касен Асизович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Рыскулов Улан Дуулатович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Артыкбаев Расул Саткынович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук   боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;

Керимов Памирбек асыранбекович

- Кыргыз     Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер   жана   жергиликтүү   өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору;

Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич

- Кыргыз     Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн кен пайдалануу секторунун эксперти;

Жумабеков Кенеш Кадыралиевич

- Кыргыз      Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана      токой      чарбасы мамлекеттик агенттигинин    мамлекеттик экологиялык экспертиза жана жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын начальниги;

Кадыров Арстанбек Солтобекович

- Нарын    облусунун    Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;

Бейшеев Канатбек Дуйшенбекович

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолдору башкармалыгынын башкы адиси - юрист;

Жакыпов Мирлан Мустафаевич

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана енөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы дирктору;

Абдиев Арс^ганбек Раимбекович

- "Көмурчү" ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Какитаев Кадырбек Какитаевич

- көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).