РаспоряжениеСтатус не указан

Распоряжение Премьер-министра КР от 19 июня 2015 года № 248 (Об утверждении состава Комиссии по оптимизации системы государственного управления Кыргызской Республики)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2015-жылдын 19-июну № 248

(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 27-июнундагы № 342 буйругунун редакциясына ылайык)

Мамлекеттик башкаруунун колдонулуудагы системасына талдоо жүргүзүү, аны оптималдаштыруу жана өркундөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

 Тиркеме

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамы

(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 27-июнундагы № 342 буйругунун редакциясына ылайык)

Кызмат орду боюнча:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);

жекече:

Ахметова Нурсулу Меирбековна

-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук негиздеги кеңешчиси;

Пономарев Сергей Васильевич

-

Кыргыз Республикасынын Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалары ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Сатыбекова Айжан Эркиновна

-

"Регионалистика жана өнүктүрүү борбору" мекемесинин директору (макулдашуу боюнча);

Третьяков Александр Викторович

-

"Гуманитардык долбоорлоо институту" коомдук бирикмесинин аналитиги (макулдашуу боюнча).