РаспоряжениеДействует

Распоряжение Премьер-министра КР от 13 августа 2015 года № 375 (Об объявлении благодарности от имени Премьер-министра Кыргызской Республики)

Редакцияот 13.08.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2015-жылдын 13-августу, № 375

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын (пенитенциардык) кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, жазык-аткаруу системасынын органдарында ак ниет жана үлгүлүү кызмат өтөгөндүгү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

Исалиева Аниса Абдылдаевнага

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 50 мекемесинин дарылоо пунктунун начальниги-фельдшер, ички кызматтын капитаны;

Ниязбаева Венера Сатарбековнага

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 14 мекемесинин тергөө изоляторунун режим жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору, ички лейтенанты;

Айтбаева Имаратбек Молдокыязовичке

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 1 мекемесинин режим жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук контролеру, ички кызматтын сержанты.

 

2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйлансын:

Адашмаева Азамата Майрамбековича

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 1 мекемесинин ыкчам режимдик иштер боюнча колониясынын начальнигинин орун басары, ички кызматтын подполковниги;

Алыбаева Фархата Дуйшонбековича

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин 4-өзүнчө батальонунун 12-ротасынын командири, улук лейтенант;

Исхакова Рустама Ашимжановича

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 10 мекемесинин тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн отряд начальниги, ички кызматтын улук лейтенанты;

Абдраева Талантбека Тезекбаевича

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 24 мекемесинин режим жана кайтаруу бөлүмүнүн корпус боюнча улук кызматкери, ички кызматтын улук прапорщиги.

 

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев