РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Правительства КР от 23 ноября 2015 года № 570-р (Об утверждении кыргызской части Межправительственной кыргызско-китайской комиссии по торгово-экономическому сотрудничеству)

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т

тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 23-ноябры № 570-б

Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында 2015-жылдын 25-28-ноябрына пландаштырылган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын он биринчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

Карашев Аалы Азимович

-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Исакулов Жылдызбек Абдилахатович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары;

Бешимов Аскар Жолчубекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

Чодуев Эркинбек Урайымович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;

Уезбаев Улан Калмурзаевич

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

Орозбаева Лада Джантаевна

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Утебаев Медер Шамшыбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Ильясов Руслан Асылбекович

-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;

Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович

-

"Кыргыз темир жолу" улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын темир жолдорду долбоорлоо жана куруу боюнча дирекциясынын директору;

Жумалиев Зайнидин Калидинович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Түндүк региондор аралык башкармалыктын начальниги;

Орусбаев Искендер Абдыкадырович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чектеш өлкөлөр департаментинин Кытай Эл Республикасы бөлүмүнүн башчысы;

Качкынбай кызы Жылдыз

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын жетектөөчү адиси - комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн катчысы.