РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Премьер-министра КР от 13 января 2016 года № 6 (Об утверждении членов коллегии Государственной службы по контролю наркотиков при Правительстве Кыргызской Республики)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

 2016-жылдын 13-январы № 6

(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 27-майындагы № 297 буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери" жөнүндө токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитилсин:

Искаков Бакыт Асанкулович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;

Садралиев Нуржан Раимканович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын кеңешчиси;

Турганов Расул Шейшеналиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын Штабынын начальниги;

Абдыбеков Урмат Насыпбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгынын начальниги;

Сычев Игорь Эдуардович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын Ыкчам-иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги.

(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 27-майындагы № 297 буйругунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 12-июнундагы № 489 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 1-июлундагы № 305 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 25-июнундагы № 284 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 10-мартындагы № 52 буйругу.

 

ПрПремьер-министр

Т.А. Сариев