РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Премьер-министра КР от 6 апреля 2016 года № 158 (Об утверждении состава Терминологической комиссии при Правительстве Кыргызской Республики)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2016-жылдын 6-апрели № 158

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-февралындагы № 41-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссия жөнүндө жобонун 4-пунктун көңүлгө алып, кыргыз тилинин терминологиясын иштеп чыгуу, бирдейлештирүү жана бекитүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссиянын КУРАМЫ

 

Мусаев Сыртбай Жолдошевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);

Абдысадыр уулу Азат

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын актыларды чыгаруу секторунун башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

Комиссиянын мүчөлөрү:

Медералиев Жумабек Аскеевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Кадыров Ысмайыл Кадырович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн лингвистикалык экспертиза секторунун башчысы;

Абдувалиев Ибраим Абдувалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, филология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);

Усакпаева Гүлзат Каныбековна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын ишин камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Турдукожоев Жыргалбек Шаршеевич

-

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Бактыгулов Кадаңбай Бактыгулович

-

коомдук ишмер, техника илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча);

Нурушев Эсенбай

-

журналист, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Курманбекова Гүлбүбү Токтосуновна

-

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору, биология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);

Молдоканов Аалы

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын котормо, терминология жана жарнама бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).