РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 11 апреля 2016 года № 156-р (Об образовании делегации Кыргызской Республики)

Редакцияот 11.04.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 11-апрели № 156-б

2016-жылдын 12-15-апрелинде Россия Федерациясынын Москва шаарында болуучу Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Панкратов Олег Михайловичке Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-апрелиндеги № 141-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

   

Тиркеме

2016-жылдын 12-15-апрелинде Россия Федерациясынын Москва шаарында болуучу Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Расмий делегация:

Панкратов Олег Михайлович

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Кайкиев Эмил Абдыкалыевич

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

Усупов Усен Макаевич

-

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү;

Уезбаев Улан Калмурзаевич

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

Айдарбеков Айбек Акматбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

Коштоочу адамдар:

Азимов Алмазбек Курбаналиевич

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Мамбеткулов Алишер Шамильевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Исабаева Зина Беккелдиевна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;

Чыныбаев Исламбек Адамкулович

-

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлүнүн катчылыгынын башкы эксперти;

Урмат уулу Мират

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Толонов Расул Арапбаевич(*)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн протокол секторунун эксперти;

Джусунова Джаныл Джусуновна

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин башкы директорунун биринчи орун басары;

Киселева Римма Хаджимуратовна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Евразия экономикалык бирлиги менен иш жүргүзүү жана Дүйнөлүк соода уюму маселелери боюнча башкармалыгынын начальниги;

Рец Татьяна Борисовна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги;

Дусумбаев Нурлан Джапсарбаевич

-

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын экономика, стратегиялык өнүктүрүү жана тариф саясаты башкармалыгынын начальниги;

Маматов Адылбек Самаганович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын протоколдук иш-чаралар бөлүмүнүн референти;

Урматов Ренат Урматович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол департаментинин экинчи катчысы;

Маметов Рустам Асхатович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ингеграциялык бирикмелер департаментинин үчүнчү катчысы.

Күзөт:

Кособаев Сеит Бейшембекович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын кызматкери.

Эскертүү:

(*) - 2010-жылдын 2-7-апрелинде Армения Республикасынын Ереван шаарына, ошондой эле 2016-жылдын 7-15-апрелинде Россия Федерациясынын Москва шаарына командировкага жиберилет.