РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 30 декабря 2015 года № 654-р (Об образовании официальной делегации Правительства Кыргызской Республики)

Редакцияот 30.12.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 30-декабры № 654-б

Бишкек шаарында 2016-жылдын 10-11-январында болуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кара-Суу шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" жана "Чолпон-Ата шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтык протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

  

Тиркеме

Бишкек шаарында 2016-жылдын 10-11-январында болуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кара-Суу шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" жана "Чолпон-Ата шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ

Мамбетов Турдубек Мамбетович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, делегациянын башчысы;

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Джакыпов Кылычбек Джумадилович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Сулайманов Азамат Талапбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

Айдралиева Расым Шаршекеевна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Токтошев Аскарбек Сулейманович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору;

Мурзаев Кубат Садырбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги;

Имангазиев Алмаз Кулубекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары;

Турганбаев Зарлык Тургунбаевич

-

Кара-Суу шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Бакиров Болот Саякович

-

Чолпон-Ата шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Турдукулов Хаятилла Мырзакматович

-

"Кара-Суу суу каналы" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча);

Турдакунов Махмуд Турдакунович

-

"Чолпон-Ата суу каналы" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча).