РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Президента КР от 15 апреля 2016 года РП № 90 (О разработке плана праздничных мероприятий)

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПТ № 89 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

БУЙРУГУ

2016-жылдын 15-апрели ПБ № 90

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 71 жылдыгын майрамдоого арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүү максатында, кыргызстандыктардын согуш жылдарында фронтто жана оорукта көрсөткөн эрдигине, кайратына жана каармандыгына таазим кылып:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 71 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана аларды бардык жерде жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылсын;

- иш-чараларды финансылык жана уюштуруучулук камсыз кылуу маселелерин чечсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Ш. Атамбаев