РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 19 мая 2016 года № 220-р (О передаче автотранспортного средства)

Редакцияот 19.05.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 19-майы № 220-б

Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасынын Өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде 1998-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 1619700002110, кузовунун № 144629, кочкул-жашыл түстөгү "Daewoo Musso" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосунда тариздөөнү жүргүзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аны Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын ыкчам башкарууга кабыл алсын;

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатынын наркын баалоону жүргүзсүн.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков