РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 19 мая 2016 года № 221-р (О внесении изменений в распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 11 февраля 2013 года № 33-р)

Редакцияот 19.05.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 19-майы № 221-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 614 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "2008-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" 2007-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна ылайык сатып алынган трактор чиркегичтерин сатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 33-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктундагы "жана белгиленген тартипте трактор чиркегичтерин товардык насыя предмети катары "Айыл-Банк" ачык акционердик коомуна өткөрүп берсин" деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 "Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык 2ПТС-4-793А-03А маркасындагы 16 трактор чиркегичин Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъекттерине төмөнкү шарттарда тиешелүү кредиттик документтерди тариздөө менен товардык кредит катары андан ары берүү үчүн иштеди  жүргүзсүн:

- төлөө мөөнөтү - 5 жыл;

- жеңилдетилген мезгил - 6 ай;

- күрөөлүк камсыздоо менен.".

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков