РаспоряжениеСтатус не указан

Распоряжение Премьер-министра КР от 27 июня 2016 года № 342 (О внесении изменения в распоряжение Премьер-министра КР от 19 июня 2015 года № 248)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2016-жылдын 27-июну № 342

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 19-июнундагы № 248 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков

 

Тиркеме

 

"Тиркеме

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын КУРАМЫ

Кызмат орду боюнча:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);

жекече:

Ахметова Нурсулу Меирбековна

-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук негиздеги кеңешчиси;

Пономарев Сергей Васильевич

-

Кыргыз Республикасынын Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалары ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Сатыбекова Айжан Эркиновна

-

"Регионалистика жана өнүктүрүү борбору" мекемесинин директору (макулдашуу боюнча);

Третьяков Александр Викторович

-

"Гуманитардык долбоорлоо институту" коомдук бирикмесинин аналитиги (макулдашуу боюнча).".