РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 2 августа 2016 года № 351-р (Об образовании официальной делегации Правительства Кыргызской Республики)

Редакцияот 02.08.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

  

 2016-жылдын 2-августу № 351-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү" долбоорун каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Делегациянын башчысына, ал эми ал жок учурда - делегациянын башчысынын орун басарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июнундагы № 250-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү" долбоорун каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ

Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, делегациянын башчысы;

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, делегациянын башчысынын орун басары;

Жапаров Акылбек Усенбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Чудинов Игорь Витальевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Оморов Азамат Каныбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

Нурбашев Таалайбек Инашевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Алиев Бекболот Абдыганыевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;

Жусуматов Эсен Жусуматович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары;

Мурзаев Кубат Садырбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги;

Калиев Айбек Рыспекович

-

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Толубаев Таалайбек Матмусаевич

-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).