РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 23 августа 2016 года № 380-р (О проведении таможенных операций, связанных с помещением товаров, ввозимых для принятия участия в туристическом фестивале «II Всемирные игры кочевников»)

Редакцияот 23.08.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 23-августу № 380-б

Кыргыз Республикасында "Көчмөндөрдүн II бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалын өткөрүүгө байланыштуу иш-чараларды даярдоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 188-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалынын катчылыгы тарабынан берилген тизмекке ылайык товарларды чыгаруу менен байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн толук шарттуу бошотуу менен "убактылуу ташып кирүү (уруксат берүү)" бажы жол-жобосунда "Көчмөндөрдүн II бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалына катышуу үчүн ташылып келген товарларды жайгаштыруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзсүн.

2. "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалынын катчылыгы "Көчмөндөрдүн II бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалынын алкагында ташылып келген товарлардын тийиштүү тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына белгиленген тартипте жиберсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков