РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 16 сентября 2016 года № 401-р (Об об-разовании делегации Кыргызской Республики)

Редакцияот 16.09.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 16-сентябры № 401-б

Стамбул шаарында (Түркия) 2016-жылдын 19-сентябры - 7-октябрында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун XXVI Конгрессинин ишине катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Шаршембиев Бакыт Нурджановичке жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Аматов Эшмамбет Аматовичке Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун 2016-жылдагы XXVI Конгрессинин иштөө мезгилинде Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун, Административдик кеңешинин жана Почталык пайдалануу кеңешинин жетектөөчү курамына шайлоо жүргүзүүдө 2-тиркемеге ылайык форма боюнча добуш берүүгө катышууга ыйгарым укук берилсин.

3. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков

 

1-тиркеме

Бүткүл дүйнөлүк почта байланыш уюмунун XXVI Конгрессинин ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Шаршембиев Бакыт Нуржанович(**)

-

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, делегациянын башчысы;

Аматов Эшмамбет Аматович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Эшалиев Таалайбек Мамырбаевич(*)

-

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

Болжобекова Нурзат Талапбековна(**)

-

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы.

Эскертүү:

(*) - 2016-жылдын 19-21-сентябрында Стамбул шаарына командировкага жиберилет;

(**) - 2016-жылдын 2-8-октябрында Стамбул шаарына командировкага жиберилет.

 

2-тиркеме

Форма

Ыйгарым укуктар

 

 

 

Мен, төмөндө кол койгон,

____________________________________(1),

_________________________

ушуну менен төмөндөгүлөргө укук берем

(кызмат орду)

(өлкөнүн аталышы)

 

Мырза/Айым ____________________________________

_________________________________________

Делегация башчысы

Мырза/Айым ____________________________________

_________________________________________

Делегация башчысы

Мырза/Айым ____________________________________

_________________________________________

Делегация башчысынын орун басары

Мырза/Айым ____________________________________

_________________________________________

Делегатка

_________________________________________________________________________________________

(өлкөнүн аталышы)

2016-жылдын 20-сентябрынан 7-октябрына чейин Стамбулда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун 26-Конгрессинде ________________________ атынан чыгууга, жарыш сөзгө катышуу жана добуш берүү укугун берем.

Мырза/Айым _______________, делегация башчысына, шайлоо процесстери учурунда добуш берүүгө уруксат берилет.

Ушул ыйгарым укуктар берилгендигин ырастоо иретинде зарыл болгон учурда колдонуу үчүн берилди.

Аткарылды _____________________, _______________________________________________

 

 

 

(колу)

 

 

________________________ (МӨӨР)

 

___________________________________

(1) Мамлекет же өкмөт башчысы же тышкы иштер министри.