РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 7 октября 2016 года № 419-р (Об образовании делегации Кыргызской Республики)

Редакцияот 07.10.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 7-октябры № 419-б

Брюссель шаарында (Бельгия Королдугу) 2016-жылдын 16-19-октябрында болуучу Европа союзунун - Кыргыз Республикасынын кызматташтыгы боюнча комитетинин он төртүнчү жыйынынын жана Европа союзунун - Кыргыз Республикасынын Соода жана инвестициялар боюнча чакан комитетинин он бешинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын иш сапарына байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков

  

Тиркеме

Брюссель шаарында (Бельгия Королдугу) 2016-жылдын 16-19-октябрында болуучу Европа союзунун - Кыргыз Республикасынын кызматташтыгы боюнча комитетинин он төртүнчү жыйынынын жана Европа союзунун - Кыргыз Республикасынын Соода жана инвестициялар боюнча чакан комитетинин он бешинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Чуйков Н.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынан ЕБ менен кызматташтык боюнча улуттук координатору, делегациянын жетекчиси, Комитеттин кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Кайкиев Э.А.

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары, делегациянын жетекчисинин орун басары, Комитеттин кыргыз бөлүгүнүн төрагасынын орун басары;

Абакиров Э.К.

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Байгончоков М.К.

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Дооталиев У.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;

Абдрахматова А.Б.

-

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Исаев А.К.

-

Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, Европа коомдоштугу комиссиясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын айкалыштырып иштеген туруктуу өкүлү.