РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 19 октября 2016 года № 446-р (О выделении средств из республиканского бюджета на финансирование фондов развития регионов, а также в установленном порядке внести проект Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2016 год и прогнозе на 2017-2018 годы»)

Редакцияот 24.10.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 19-октябры № 446-б

Жергиликтүү маанидеги инфраструктура объекттерин күтүүгө чыгымдарды каржылоо, шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү коомчулугунун жарандардын жашоо денгээлин жогорулатууга багытталган артыкчылыктуу демилгелерин колдоо, жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Респуликасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча региондорду өнүктүрүү фонддорун каржылоого республикалык бюджеттен 271.3 млн (эки жуз жетимиш бир миллион уч жуз миң) сом өлчөмүндө каражат бөлсүн;

- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

С.Ш. Жээнбеков