РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 14 октября 2016 года № 434-р (Об образовании делегации Кыргызской Республики)

Редакцияот 14.10.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 14-октябры № 434-б

2016-жылдын 18-21-октябрында Кытай Эл Республикасынын Чэнду шаарында болуучу "Жибек жолунун жаңы моделин биргелешип куруу жана көп багыттуу кызматташтык үчүн платформа ачуу" темасындагы Кытай - Борбор Азия кызматташтыгынын IV форумунун ишине катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2016-жылдын 17-22-октябрында Кытай Эл Республикасына командировкага жиберилсин.

3. Суткалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

 

С. Жээнбеков

 

Тиркеме

"Жибек жолунун жаңы моделин биргелешип куруу жана көп багыттуу кызматташтык үчүн платформа ачуу" темасындагы Кытай - Борбор Азия кызматташтыгынын IV форумунун ишине катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич(*)

-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Кемелова Динара Амантуровна(*)

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

Бактыгулова Канайым Джумадиловна(*)

-

Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;

Кудайбергенов Бактыбек Жапарович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Шаршекеев Марат Дуйшебаевич(*)

-

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);

Орозбеков Алымбек Асылбекович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директору;

Абидов Абдыкадыр Омарович(*)

-

Академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору;

Сартов Таштанбай Эсенович(*)

-

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биринчи проректору;

Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович

-

Кыргызстан өндүрүшчүлөрдүн жана ишкерлердин бирлигинин президенти (макулдашуу боюнча);

Исмаилов Канат Мелисович

-

"Оргтехстрой" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Салибаев Тилек Тынычбекович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Джумабеков Чингиз Ишенович(*)

-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;

Абдраева Салтанат(*)

-

Кыргыз улуттук "Кабар" маалыматтык агенттигинин кабарчысы (макулдашуу боюнча);

Шаршекеева Ирина

-

"Ак-Марал" корпорациясынын башкы менеджери (макулдашуу боюнча).

(*) - суткалык чыгымдардан тышкары, командировкалык чыгымдар чакыруучу тараптын эсебинен төлөнөт.