РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 19 октября 2016 года N 444-р (О внесении изменений в некоторые распоряжения Правительства Кыргызской Республики)

Редакцияот 19.10.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 19-октябры № 444-б

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 396-б, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 398-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин түзүлгөндүгүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы № 15-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:

- биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиктин директору" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- он бешинчи абзацтагы "директорунун орун басары" деген сөздөр "директору" деген сөз менен алмаштырылсын;

- жыйырма экинчи жана жыйырма төртүнчү абзацтардагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиктин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамынан А.А.Сапаралиев, А.Т.Беков чыгарылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 398-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 396-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков