РаспоряжениеДействует

Распоряжение Премьер-министра КР от 13 апреля 2017 года № 268 (О награждении именными часами от имени Премьер-министра Кыргызской Республики)

Редакцияот 13.04.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2017-жылдын 13-апрели № 268

Кѳп жылдык эмгеги жана Кыргыз Республикасынын билим берγγ жана экономика системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Башкаруунун жогорку мектебинин менеджмент жана экономика кафедрасынын доценти Алимбаева Шахадат Бакировна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен сыйлансын,

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

 

Сейдахматова Салия Зоданбековнага

 

- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Башкаруунун жогорку мектебинин менеджмент жана экономика кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу;

 

Окенаева Майрамкуль Жокеновнага

 

- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Башкаруунун жогорку мектебинин менеджмент жана экономика кафедрасынын улук окутуучусу.

 

 

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков