РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 3 марта 2017 года N 58-р (Об утверждении делегации Кыргызской Республики)

Редакцияот 03.03.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 3-марты № 58-б

2017-жылдын 6-мартында Бельгия Королдугунун Брюссель шаарында өтүүчү Кыргыз Республикасы - Европа бирлигинин кызматташтыгы боюнча кеңештин XV жыйынынын ишине катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын Брюссель шаарына болгон сапарына байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

 

С. Ш. Жээнбеков

 

Тиркеме

2017-жылдын 6-мартында Бельгия Королдугунун Брюссель шаарында өтүүчү Кыргыз Республикасы - Европа бирлигинин кызматташтыгы боюнча кеңештин XV жыйынынын ишине катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Абдылдаев Эрлан Бекешович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, делегациянын башчысы;

Исаев Асеин Кусеинович

-

Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, Европа бирлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү;

Дооталиев Улан Тимурович

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;

Иманалиев Данияр Шаршенбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары.