Распоряжение Правительства КР от 18 октября 2016 года N 440-р (О согласии с проектом Меморандума о сотрудничестве между Государственным агентством по делам местного самоуправления и межэтнических отношений при Правительстве КР и Министерством внутренних дел Республики Корея по вопросу адаптации и внедрения принципов «Сэмаыль Ундон» в селах Кыргызской Республики)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-октябры № 440-б
Кыргыз Республикасынын айылдарында "Сэмаыль Ундон" (жаңы айыл үчүн корея кыймылы) принциптерин адаптациялоо жана жайылтуу жаатында кызматташууну кеңейтүү, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, маданий тажрыйбасын, салттарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жергиликтүү жамааттардын демилгелерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик менен Корея Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын айылдарында "Сэмаыль Ундон" принциптерин адаптациялоо жана жайылтуу маселеси боюнча кызматташуу тууралуу меморандумдун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-декабрындагы № 593-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |