РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Премьер-министра КР от 21 июня 2017 года N 439 (О внесении изменений в распоряжение Премьер-министра Кыргызской Республики от 24 марта 2016 года N 142)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2017-жылдын 21-июну № 439

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институтунун ыкчам башкаруусундагы Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бактын аймагын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2016-2017-жылдарга Биринчи кезектеги чаралардын планынын (мындан ары - План) долбоорун жана 2020-жылга чейин "Азия тоо багы" катары ботаникалык бакты калыбына келтирүү концепциясынын (мындан ары - Концепция) долбоорун иштеп чыгуу боюнча жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- 2-пунктунун биринчи абзацындагы "2016-жылдын 1-июнуна чейин" деген сөздөр жана цифралар "2017-жылдын 15-июнуна чейин" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

- 2-пунктунун экинчи абзацындагы "2016-жылдын 1-сентябрына чейин" деген сөздөр жана цифралар "2017-жылдын 15-сентябрына чейин" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

 

Тиркеме

"Тиркеме

2016-2017-жылдарга Биринчи кезектеги чаралардын планынын жана 2020-жылга чейин "Азия тоо багы" катары Ботаникалык бакты калыбына келтирүү концепциясынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ

Кудайбердиева Гульмира Каримовна

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;

Муратов Абдиманнап Аттокурович

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары - Илим департаментинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары;

Джуматаев Мурат Садырбекович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Нургазиев Рысбек Зарылдыкович

-

Кыргыз Республикасынын К.И.Скрябин атындагы Улуттук агрардык университетинин ректору (макулдашуу боюнча);

Кармышаков Улукбек Тойчуевич

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Иманалиев Данияр Шаршенбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Дооталиев Улан Тимурович

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;

Байзаков Самат Шейшенбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;

Мураталиев Бакытбек Байымбетович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;

Дуйшенова Жылдыз Кадыркуловна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин эл аралык бөлүмүнүн башкы адиси;

Исаков Эркинбек Куменович

-

Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);

Тулебердиев Асхат Темирбекович

-

Бишкек шаарынын башкы архитектору (макулдашуу боюнча);

Сарымсакова Бактыгуль Усеновна

-

Бишкек башкы архитектурасынын ландшафттык-парктык архитектура бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);

Ахматов Медет Кенжебаевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Кенжебаева Назгул Викторовна

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институтунун окумуштуу катчысы (макулдашуу боюнча)".