РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 9 июня 2017 года № 220-р (О выделении денежных средств)

Редакцияот 09.06.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 9-июну № 220-б

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

а) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча төмөнкү финансы каражаттарын бөлүп берсин:

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине "Таза коом" программасындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 220,0 млн (эки жүз жыйырма миллион) сом өлчөмүндө;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине

1 330,0 млн (бир миллиард үч жүз отуз миллион) сом өлчөмүндө, анын ичинен төмөнкүлөргө:

Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автожолун реконструкциялоого - 500,0 млн (беш жүз миллион) сом;

Бишкек - Ош автожолун реконструкциялоого - 80,0 млн (сексен миллион) сом;

республиканын райондук борборлорунун көчөлөрүн капиталдык оңдоого - 600,0 млн (алты жүз миллион) сом;

Каракол жана Жалал-Абад шаарларындагы көчөлөрдү капиталдык оңдоого - 150,0 млн (жүз элүү миллион) сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 2 040,0 млн (эки миллиард кырк миллион) сом өлчөмүндө, анын ичинен төмөнкүлөргө:

Жалал-Абад, Ош жана Чуй облустарындагы табигый кырсыктардын кесепетинен бузулган авариялык абалдагы объектилерди курууга жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө - 400,0 млн (төрт жүз миллион) сом;

Кыргыз Республикасынын маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн турак үй курууга - 340,0 млн (үч жүз кырк миллион) сом;

Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы "Асыл" ден соолукту чындоо балдар комплексин курууга жана капиталдык оңдоого - 300,0 млн (үч жүз миллион) сом;

Ош шаарынын жана Ош облусунун "Ачы" жана "Кең-Сай" конуштарынын инфраструктура объекттерин курууга - 300,0 млн (үч жүз миллион)сом;

билим берүүнүн авариялык абалга келген объекттерин курууга жана капиталдык оңдоого - 700,0 млн (жети жүз миллион) сом;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине ирригациялык системаларды курууга жана капиталдык оңдоого - 800,0 млн (сегиз жүз миллион) сом өлчөмүндө;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында "Көчмөндөр цивилизациясы" музейин курууга - 100,0 млн (жүз миллион) сом;

б) "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С. Ш. Жээнбеков