РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 27 октября 2017 года N 497-р (Об одобрении проекта Письма-соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Международной ассоциацией развития о предоставлении аванса на подготовку Проекта № IDAV106-KG «Повышение устойчивости к рискам стихийных бедствий в Кыргызстане»)
Этот документ есть на русском языкеРусский
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 27-октябры № 497-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" № IDAV106-KG долбоорун даярдоого аванс берүү жөнүндө макулдашуу катынын расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж.Исаков |