Распоряжение Правительства КР от 18 июля 2017 года N 295-р (О внесении изменения в распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 22 марта 2017 года N 79-р)
Этот документ есть на русском языкеРусский
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 404-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 18-июлу № 295-б
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга багытталган иш-чараларды оперативдүү өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункту "(тең төлөө каражаттарынан)," деген сөздөрдөн кийин "өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга багытталган каражаттарынан" деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |