РаспоряжениеДействует

Распоряжение Премьер-министра КР от 18 августа 2017 года № 560 (Об объявлении благодарности)

Редакцияот 18.08.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2017-жылдын 18-августу № 560

 Спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эл аралык спорттук мелдештердин жыйынтыктары боюнча жогорку спорттук натыйжаларга жетишкендиктери үчүн, массалык спортту жайылтуута багытталган иш-чаралардын социалдык маанилүүлүгүн көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1, Төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

1) жаштар арасындагы курөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионатынын байге ээлерине:

- 50 000 (элүу миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкты тапшыруу менен Медет кызы Айпериге.

- 40 000 (кырк миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкты ар биреөнө тапшыруу менен:

Шаршенбеков Жоломан Назарбековичке;

Махмудов Акжол Махамаджановичке;

Ким Роман Олеговичке.

- 30 000 (отуз миң) сом өлчөмундө акчалай сыйлыкты ар бирөөнө тапшыруу менен:

Кенжебек уулу Акбарга;

 Жуманазарова Мээрим Рахмадиловнага.

2) жаштар арасындагы күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионатынын байге ээлеринин башкы жана жеке машыктыруучуларына:

- 30 000 (отуз миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкты ар биреөне тапшыруу менен:

Кенжебаев Байгазы Бобуновичке;

Тыныбекова Айсулуу Болотовнага;

Ушуров Щукрат Аблимжитовичке.

- 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкты ар бирөөнө тапшыруу менен:

Надырбек уулу Уланга;

 Ахметов Мейрамбек Джаниловичке;

 Махмудов Хакимге;

Изабеков Нурбек Канатбековичке;

 Ушуров Фархад Аблимижитовичке;

Донбаев Нурдин Женишбековичке.

3) интеллектуалдык спорттун түрлөрү боюнча XVIII эл аралык Олимпиаданын байге ээлерине:

30 000 (отуз миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкты тапшыруу менен Сагынбекова Жаныл Сагынбековнага;

20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкты тапшыруу менен Джамакеев Анарбек Дуйшонбековичке.

4) интеллектуалдык спорттун түрлөрү боюнча XVIII эл аралык Олимпиаданын байге ээлеринин башкы жана жеке машыктыруучуларына:

30 000 (отуз миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкты тапшыруу менен Султанмуратова Нурия Сулпукоровнага;

20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкты тапшыруу менен Касымов Камчыбекке.

2. Төмөнкүлөрге алкыш жарыялансын:

1) XXIII жайкы Сурдлимпиалык оюндарынын байге ээлерине: Каналбек уулу Ильгизге;

Айдарбеков Габит Азаматовичке;

Марков Миляс Александровичке;

 Мавлонов Азамат Ахмадовичке.

2) ХХIII жайкы Сурдлимпиалык оюндарынын байге ээлеринин башкы жана жеке машыктыруучуларына:

Кулгожаев Айдин Жекшеналыевичке;

Пономарев Дмитрий Викторовичке;

Тупик Андрей Васильевичке.

3. Спортсмендерди жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына 540 000 (беш жүз кырк миң) сом бөлүнсүн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков