РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 21 февраля 2017 года № 45-р (Об образовании ликвидационной комиссии для осуществления процедуры ликвидации Государственной инспекции но метрологическому надзору при Министерстве экономики Кыргызской Республики

Редакцияот 21.02.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 21-февралы № 45-б

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 97-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекцияны жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн жоюу комиссиясы (мындан ары - жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсун.

2. Жоюу комиссиясынын төрагасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекцияны жоюу жана кызматкерлерин бошотуу жол-жоболорун аяктоо үчүн биринчи кол коюу укугу берилсин.

3. Жоюу комиссиясы үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык зарыл болгон иш-чараларды жүргүзсүн.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

 

 Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин

алдындагы Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик

 икспекцияны жоюу жол-жоболорун ишке ашыруучу жоюу комиссиясынын

курамы

 

Курманова А.Э.

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы, жоюу комиссиясынын төрагасы.

 

 

Жоюу комиссиясынын мүчөлөрү:

 

Ахмеджанова А.Т.

 

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

 

Баетов А.Б.

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук колдоо бөлумүнүн башчысы;

 

Жолдошева С. X.

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча секторунун башчысы;

 

Курманова А. А.

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин финансылык пландоо жана эсепке алуу бөлүмүнүн башкы адиси;

 

Молдокулова Э.Т.

 

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын метрологиялык көзөмөлдү талдоо жана административдик колдоо башкармалыгынын башкы адисинин милдетин аткаруучу;

 

Черткиева Н.К.

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын метрологиялык көзөмөлдү талдоо жана административдик колдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси.