РаспоряжениеДействует

РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 1 декабря 2017 года N 547-р (Об образовании делегации Кыргызской Республики)

Редакцияот 01.12.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 1-декабры № 547-б

Казакстан Республикасынын Астана шаарында 2017-жылдын 1-6-декабрында болуучу кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча "Жол картасынын" долбоорун талкуулоо максатында казакстан тарап менен сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министрдин убактылуу милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр

 

Д.Кенекеев

 

Тиркеме

Казакстан Республикасынын Астана шаарында 2017-жылдын 1-6-декабрында болуучу кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча "жол картасынын" долбоорун талкуулоо үчүн казакстан тарап менен сүйлөшүүлөргө катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Уметалиев Санжар Болотбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү;

Новиков Артем Эдуардович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министри;

Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич

-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу;

Сулайманов Азамат Талапбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

Осмонов Замирбек Бабакулович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы;

Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

Жумаканов Калысбек Туратбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

Жеенбаев Кубатбек Артыкбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу, Башкы штабдын начальниги;

Исаев Амангелди Сапарбекович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору;

Абдралиева Гульмира Курманбековна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

Кадыров Радмил Жаныбекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин кеңешчиси;

Абдылдаев Акылбек Таалайбекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укук департаментинин 3-катчысы;

Маткеримов Руслан Акылбекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 1-саясий департаментинин Борбордук Азия бөлүмүнүн башчысы;

Пирназаров Болот Коеналиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажылык контролдоо башкармалыгынын начальниги;

Бейшеев Марсалбек Жумабаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук башкармалыгынын начальниги;

Дусумбаев Нурлан Жапсарбаевич

-

"Кыргыз Темир Жолу" улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын экономика, стратегиялык өнүгүү жана тариф саясаты башкармалыгынын начальниги;

Иманалиев Эркинбек Эмилевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын тобокелдиктерди профилдөө бөлүмүнүн начальниги;

Аспекова Валерия Талантбековна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Евразия экономикалык бирлигин координациялоо башкармалыгынын начальнигинин милдетин убактылуу аткаруучу;

Касымали уулу Каныбек

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Евразия экономикалык бирлиги менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы;

Жумабеков Нурлан Кадыржанович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктар боюнча бөлүмүнүн начальниги.