РаспоряжениеДействует

РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 13 марта 2017 года N 69-р (Об одобрении проекта Кредитного соглашения между Кыргызской Республикой и Саудовским фондом развития по проекту реконструкции автодороги Север-Юг)

Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 13-марты № 69-б

1. Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автожолун реконструкциялоо долбоору (Балыкчы - Жалал-Абад альтернативдүү автожолу) боюнча Кредиттик макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Кредиттик макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков