РаспоряжениеДействует

РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 10 марта 2017 года N 66-р (Об утверждении кыргызской части Комитета)

Редакцияот 10.03.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 10-марты № 66-б

2017-жылдын 14-15-мартында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында өтүүчү кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-сауд комитетинин (мындан ары - Комитет) биринчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Комитеттин кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Комитеттин кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2017-жылдын 13-16-мартында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарына командировкага жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

 

С.Ш.Жээнбеков

 

Тиркеме

2017-жылдын 14-15-мартында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында өтүүчү кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-сауд комитетинин кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

Калилов Жамшитбек Калилович

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри, Комитеттин кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

-

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;

Байгончоков Мирланбек Конушбекович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич

-

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министринин орун басары;

Сапаралиев Азис Айнабаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Кубанычбек Алтынай

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Бабалиева Зарина Зоотбековна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;

Джеенбекова Надира Бабырбековна(*)

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардам башкармалыгынын начальниги;

Осоев Эркинбек Арстанбекович

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директору;

Мамаев Сулайман Шамшиевич

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин мал чарбасын өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги;

Шаршекеев Марат Дуйшебаевич

-

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);

Тургунбаева Асель Абдыракмановна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы.

(*) 2017-жылдын 14-16-мартында Сауд Аравия Королдугуна командировкага жиберилет.