РаспоряжениеДействует

Распоряжение Премьер-министра от 30 декабря 2017 года № 935 «Об объявлении благодарности»

Редакцияот 30.12.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2017-жылдын 30-декабры № 935

ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизүү үчүн "Көк бөрү" - салттуу ат оюну" номинациясына материалдарды даярдоо боюнча активдүү иши үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

Кемелова Динара Амантуровнага

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

Корчуева Элнура Асылбековнага

-

Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын мурдагы жооптуу катчысы;

Солтонгельдиева Сабира Самидиновнага

-

Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы;

Аскарова Наита Теңдиковнага

-

Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын эксперти;

Айтпаева Гульнара Амановнага

-

"Айгине" маданий-изилдөө борборунун директору;

Исаева Асел Кеңешбековнага

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы;

Касенов Алмазбек Апышовичке

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекциянын директору;

Бекташев Султан Мелисовичке

-

Кыргыз Республикасынын "Көк бөрү" федерациясынын аткаруучу директору;

Быковский Сергей Юрьевичке

-

Кыргыз Республикасынын "BIGSER" спорттук товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти;

Эшматов Нурмухаммед Каныбековичке

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун орун басары;

Мадаминов Аскаралы Шүкүралиевичке

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун орун басары;

Мекешова Назгүл Барктабасовнага

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти.

 

Премьер-министр

 

С. Дж. Исаков