РаспоряжениеДействует

РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 6 января 2017 года N 4-р (Об утверждении кыргызской части Комиссии)

Редакцияот 06.01.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 6-январы № 4-б

2017-жылдын 11-12-январында Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында боло турган Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-пакистан комиссиясынын (мындан ары - "Комиссия") кезектеги үчүнчү жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2017-жылдын 9-13-январында Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарына командировкага жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

 

Тиркеме

Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-пакистан комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

Кожошев Арзыбек Орозбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Ибраев Сагынбек Кубанычбекович

-

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү;

Ташболотов Максат Ташболотович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы;

Сагымбаев Абдисамат Акимович

-

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин статс-катчысы;

Мырзаканов Кубан Нуржанович

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Кубанычбек Алтынай

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Орозбеков Алымбек Асылбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Тыналиева Бакыт Карыбековна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары;

Айдаралиев Асылбек Акматбекович

-

Кыргызстан эл аралык университети" окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин камкорчулук кеңешинин төрагасы;

Джеенбекова Надира Бабырбековна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардам башкармалыгынын начальниги;

Тургунбаева Асель Абдыракмановна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы.