РаспоряжениеУтратил силу

РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 23 октября 2017 года N 488-р (Об образовании официальной делегации Правительства Кыргызской Республики)

Редакцияот 23.10.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 447-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 23-октябры № 488-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак, Мырза-Аке жана Куршаб айыл аймактарын суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Бишкек шаарында 2017-жылдын 29-30-ноябрында боло турган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтык протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

С.Дж.Исаков

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак, Мырза-Аке жана Куршаб айыл аймактарын суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ

Абдиев Бактыбек Абышевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, расмий делегациянын башчысы;

Абдуллаев Равшан Бахтиярович

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

Сазбаков Алмаз Замирбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Салиев Бахтияр Усманович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Токтошев Аскарбек Сулейманович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору;

Жеенбекова Надира Бабырбековна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардам башкармалыгынын начальниги;

Оскомбаев Марат Салмурбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар программасы бөлүмүнүн башчысы;

Осмоналиев Олжобай Балтабаевич

-

Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким;

Султанов Эркин Режепович

-

Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Эсеналиев Пазылбек Абдыкеримович

-

Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Курманкулов Раимберди Аалыевич

-

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Жусупов Таалайбек Сайпиевич

-

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Оморов Белекбай

-

Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Сабытбек уулу Бахтыяр

-

Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Ашырбеков Кылычбек Орозмаматович

-

Ош облусунун "Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактары агенттиги" биргелешкен муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча).