РаспоряжениеДействует

РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 24 июля 2017 года N 305-р (Об утверждении ревизионной комиссии Кыргызско-Турецкого университета им.Манаса от кыргызской стороны)

Редакцияот 24.07.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 24-июлу № 305-б

1995-жылдын 30-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында Манас атындагы Кыргыз-Түрк университетин түзүү жөнүндө" келишимге жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-июлундагы № 445 "Манас атындагы Кыргыз-Түрк университетинин маселелери" токтому менен бекитилген Манас атындагы Кыргыз-Түрк университетинин уставына ылайык:

Манас атындагы Кыргыз-Түрк университетинин ревизиялык комиссиясы кыргыз тараптан төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Кармышаков Улукбек Тойчуевич

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Асанканов Абылабек Асанканович

-

Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти;

Абдырахманов Толобек Абылович

-

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору;

Асанов Салмарбек Джусупович

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат, финансылык талдоо жана инвестициялар башкармалыгынын башкы адиси.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков