РаспоряжениеДействует

РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 30 июня 2017 года N 268-р «Об утверждении кыргызской части комиссии для участия в работе очередного девятого заседания Межправительственной кыргызско-санкт-петербургской совместной комиссии по торгово-экономическому, научно-техническому и культурному сотрудничеству»

Редакцияот 30.06.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 30-июну № 268-б

2017-жылдын 4-5-июлунда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында болуучу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз - санкт-петербург биргелешкен комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кезектеги тогузунчу жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2017-жылдын 3-6-июлунда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына командировкага жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

Тиркеме

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз - санкт-петербург биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

Кудайбердиева Гульмира Каримовна

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Урмат уулу Мират

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Толонов Бактыяр Эрмекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун директору;

Омурзакова Назгуль Акималиевна

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы;

Сарбагышева Гульмира Эсенгуловна

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

Асылбекова Мээрим Уметбековна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардам башкармалыгынын жетектөөчү адиси, Комиссиянын катчысы.