РаспоряжениеДействует

РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 14 февраля 2017 года N 38-р (Об образовании делегации Кыргызской Республики)

Редакцияот 14.02.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 14-февралы № 38-б

2017-жылдын 16-17-февралында Россия Федерациясынын Москва шаарында өтүүчү Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясынын он тогузунчу жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2017-жылдын 15-18-февралында Россия Федерациясынын Москва шаарына командировкага жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Панкратов Олег Михайловичке Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясынын он тогузунчу жыйынынын жыйынтыктоочу протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

4. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

 

С.Ш.Жээнбеков

 

Тиркеме

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясынын он тогузунчу жыйынына катышуучу кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

Панкратов Олег Михайлович

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Отунбаев Болот Исакович

-

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси;

Сулайманов Азамат Талапбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

Кемелова Динара Амантуровна

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

Айдарбеков Айбек Акматбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

Сазбаков Алмаз Замирбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу;

Калдыбаев Салидин Кадыркулович

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;

Темирбекова Айнура Кубанычбековна

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;

Оморов Азамат Каныбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Асанбаев Алмаз Жолчуевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары;

Парханов Мирлан Абдивалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Базарбаев Таалай Чолпонбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы;

Калиев Айбек Рыспекович

-

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кожобаев Толонбай Жанибекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;

Сарлыкбек уулу Мирлан

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек аралык контролдоо начальниги;

Мулкубатова Чолпон Токтобаевна

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин Россия бөлүмүнүн биринчи катчысы;

Нифадьев Владимир Иванович

-

Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору (макулдашуу боюнча);

Турдубеков Бактыбек Курманбекович

-

"Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасынын директору (макулдашуу боюнча);

Бектурганов Жолдошбек Токторбаевич

-

"Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Инаркиев Черкес Гандалоевич

-

"ИНКОР" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Сарбанов Санджар Болотович

-

"Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Назаров Мамат Абдыкадырович

-

"Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомунун стандарттар жана долбоорлор боюнча директору (макулдашуу боюнча);

Джеенбекова Надира Бабырбековна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамдар башкармалыгынын начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы.