РаспоряжениеДействует

РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 24 декабря 2018 года N 447-р (Об образовании официальной делегации Правительства Кыргызской Республики)

Редакцияот 24.12.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 24-декабры № 447-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак, Мырза-Аке жана Куршаб айыл өкмөттөрүн суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча Бишкек шаарында 2018-жылдын 24-25-декабрында боло турган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюу ыйгарым укугу берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 488-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак, Мырза-Аке жана Куршаб айыл өкмөттөрүн суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ

Абдиев Бактыбек Абышевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, расмий делегациянын башчысы;

Пирматов Исхак Айтбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Назаров Айтмамат Кошоевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Токтошев Эмил Токтакун

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Сарымсаков Манас Болотович

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Алыбаев Автандил Шейшенбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Байдылдаев Мурат Курманбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Токтошев Аскарбек Сулейманович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору;

Сыдыков Бакыт Төлөмүшевич

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;

Умтулов Нурлан Жумалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын методология башкармалыгынын начальниги;

Акынбеков Алмаз Эмилбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын тарифтик жөнгө салуу боюнча бөлүмүнүн башкы инспектору;

Алайчиев Бактыбек Болбурович

-

Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;

Султанов Эркин Режепович

-

Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Эсеналиев Пазылбек Абдыкеримович

-

Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Курманкулов Раимберди Аалыевич

-

Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Кимсанов Абдыкерим

-

Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Ташиев Алтын Аликович

-

Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Сабытбек уулу Бахтыяр

-

Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Калбаев Жуманазар Нуркамилович

-

"Өзгөн районун ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация агенттиги" муниципалдык биргелешкен ишканасынын директору (макулдашуу боюнча).