РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Премьер-министра КР от 16 апреля 2019 года N 196 (Об утверждении членов коллегии Государственной службы исполнения наказаний при Правительстве Кыргызской Республики)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2019-жылдын 16-апрели № 196

(КР Премьер-министринин 2019-жылдын 11-июнундагы № 307, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 399 буйруктарынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жобонун 15-пунктуна ылайык, кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитилсин:

Ильязов Нурбек Качкынович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;

Коомбаев Абдиш Абазович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Башкы штабынын башчысы;

Сарчаев Нурлан Асанбекович

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ыкчам-режимдик башкы башкармалыгынын башчысы;

Жапаров Рахатбек Усонбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын финансы-чарбалык башкы башкармалыгынын башчысы;

Жумаев Алмазбек Мусашович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 16 мекемесинин башчысы.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 159 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 28-февралындагы № 155 буйругу.

 

Премьер-министр

К.А. Боронов