РаспоряжениеСтатус не указан

Распоряжение Премьер-министра КР от 4 мая 2018 года N 316 (О внесении изменений в распоряжение Премьер-министра Кыргызской Республики от 1 августа 2014 года N 332)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2018-жылдын 4-майы № 316

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 1-августундагы № 332 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2018-жылдын 10-июлуна чейинки мөөнөттө уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын.";

- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

- ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүү маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;

- ведомстволор аралык жумушчу топтун сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актыларынын долбоорлорун белгиленген тартипте демилгелесин жана аларды 2018-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.";

- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

 

Тиркеме

"Тиркеме

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө карата сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ

Араев А.М.

-

Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;

Абдыкаров Д.С.

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун орун басары.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:

Тойчиев А.Б.

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын кылмыш иштери жана административдик укук бузуу иштери боюнча сот коллегиясынын ишин камсыздоо башкармалыгынын консультанты (макулдашуу боюнча);

Исманов А.К.

-

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөөнү жана ыкчам-издөө ишин көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору (макулдашуу боюнча);

Абдыбеков У.Н.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;

Коомбаев А.А.

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын начальниги;

Бердалиев К.Ч.

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;

Раимбеков А.Э.

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Токтоналиев А.Ш.

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын начальниги;

Курманбеков А.У.

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын коргоо жана укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы;

Баетова А.Б.

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы;

Кадыров А.С.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги;

Мурзалиев С.

-

Бишкектеги ОБСЕнин Программалык офисинин аскердик-саясий маселелер боюнча бөлүмүнүн улук программалык ассистенти (макулдашуу боюнча);

Ли А.Г.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын уюштуруу жана укуктук иштер башкармалыгынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башкы инспектору;

Бакиров Н.К.

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын биринчи башкармалыгынын улук оперкызматкери;

Саяков А.К.

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын ыкчам-издөө иштери кафедрасынын окутуучусу;

Шералиев У.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын оперативдүү иштеринин мониторинги секторунун оперкызматкери;

Дуйшенов С.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын юридикалык бөлүмүнүн улук инспектору;

Туратбек уулу А.

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар, укук коргоо органдар жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

Мамадеминов Н.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.