РаспоряжениеДействует

Распоряжение Премьер-министра КР от 4 мая 2018 года N 314 (О внесении изменений в распоряжение Премьер-министра Кыргызской Республики от 23 ноября 2017 года N 818)

Редакцияот 04.05.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

 2018-жылдын 4-майы № 314

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 818 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Разаков Жеңиш Парпиевич

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы катарында;

Джунушалиев Кашкар Астаканович

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары катарында;

Араев Азамат Муратович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Исаков Женишбек Исакович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

Аматов Эшмамбет Аматович

-

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Скобеев Егор Леонидович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы;

Суюналиева Нора Суеркуловна

-

Темир Джумакадыров атындагы "ProLex" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);

Мухтарбек уулу Кубатбек

-

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Ташууларды уюштуруу жана жол кыймылынын коопсуздугу" кафедрасынын доценти (макулдашуу боюнча);

Исаков Тимур Аспекович

-

жарандык активист (макулдашуу боюнча);

- Комиссиянын курамынан Исаков С.Ж., Исраилов У.Ж., Сагынбаев Д.К., Омуралиев М.Ж., Торутаев А.Э. чыгарылсын.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев