РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 31 декабря 2018 года N 476-р (О внесении изменения в распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 19 сентября 2017 года N 410-р)

Редакцияот 31.12.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2018-жылдын 31-декабры № 476-б

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-сентябрындагы № 410-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктундагы "2018-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2019-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн "Санариптик экономика" бюджеттик программасынын алкагында "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын эсебинен 16 829 000 (он алты миллион сегиз жүз жыйырма тогуз миң) сом суммасында каражат бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев