РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Премьер-министра КР от 29 августа 2019 года N 474 (Об образовании делегации Кыргызской Республики)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2019-жылдын 29-августу № 474

Жогорку деңгээлдеги жетишилген сүйлөшүүлөрдүн алкагында, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча, Кытай Эл Республикасынын Шэньян жана Пекин шаарларында 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып 6-сентябрына чейин өтө турган Кыргыз Республикасында салыктарды тескеп-башкарууну жакшыртууга, акчалай эмес жана санариптик төлөмдөрдүн санын көбөйтүүгө кытай тараптан техникалык жардам көрсөтүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясы Кытай Эл Республикасынын Шэньян жана Пекин шаарларына 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып 6-сентябрына чейин жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев

 

 

 

 

Тиркеме

Кытай Эл Республикасынын Шэньян жана Пекин шаарларында 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып 6-сентябрына чейин кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Джунусов Болот Тологонович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, делегациянын башчысы;

Турдалиев Эдуард Климович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кеңешчиси;

Тюменбаев Баккельди Рахимович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Дубанаев Адилет Садырбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти;

Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Самыйбеков Улукбек Сатарбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Шатемиров Кубаныч Таалайбекович

-

 Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Ысабеков Кубанычбек Абдимуталипович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын начальниги;

Джумабеков Нурлан Кадыржанович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктарды тескеп-башкаруу башкармалыгынын кыйыр салыктар бөлүмүнүн начальниги;

Юсупов Улукбек Турсунович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемесинин директору;

Султаналиев Айбек Зарлыкович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары башкармалыгынын санариптик жана финансылык технологиялар бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);

Джаркимбаев Азамат Бейшенович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери.

(*) Эскертүү: командировкалык чыгымдарды төлөө эл аралык донорлордун эсебинен.