РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Правительства КР от 12 июля 2019 года № 262-р (Об утверждении состава кыргызской части Комиссии)

Редакцияот 12.07.2019
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 427-б буйругуна ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 12-июлу № 262-б

2019-жылдын 17-18-июлунда Түркия Республикасынын Анкара шаарында өтүүчү Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-туркия комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) 9-жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2019-жылдын 16-19-июлунда Туркия Республикасынын Анкара шаарына жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

 

Тиркеме

Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык

кыргыз-түркия комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн

курамы

Боронов Кубатбек Айылчиевич *

 

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Омуралиев Кубанычбек Касымович

 

- Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;

 

Аманкулов Канат Маратович

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

 

Сабиров Шухрат Маматалиевич

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору;

 

Мадмаров Азизбек Маматович

 

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

 

Шаршеев Айдин Омуралиевич

 

-Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;

 

Баетов Аяз Батыркулович

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору;

 

Утебаев Медер Шамшыбекович *

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

 

Шадыханов Калысбек Токтосунович

 

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;

 

Секимов Бактыбек Шайыкбекович

 

- Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы;

 

Ташиев Жапаркул Актаевич

 

-Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы:

 

Абдыбалы тегин Суеркул

 

-Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

 

Керималиев Жаныбек Калканович

 

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;

 

Жамгырчиев Эмиль Эрикович

 

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары;

 

Ашимов Улан Маматович

 

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

 

Турдумамбетов Руслан Каныбекович *

 

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;

 

Шакирова Гульнара Абидиновна

 

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек департаментинин директору;

 

Кудайбердиева Айзада Бердибековна

 

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык кызматташтык жана интеграциялык процесстер башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси, комиссиянын катчысы.

 

 

Эскертүү:

(*) - Түркия Республикасынын Анкара шаарына 2019-жылдын 17-19-июлунда командировкага жиберилет.