РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 22 января 2018 года № 25-р (О заключении Субкредитного соглашения Министерства финансов Кыргызской Республики с мэрией города Ош)

Редакцияот 22.01.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 22-январы, № 25-б

2016-жылдын 10-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-майындагы № 91 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (II фаза)" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ош шаарынын мэриясы менен төмөнкүдөй шарттарда Субкредиттик макулдашууну белгиленген тартипте түзсүн:

- кредиттин суммасы 2,5 млн (эки миллион беш жүз миң) евро өлчөмүндө белгиленсин;

- кредитти пайдалануу үчүн өзгөрүлмөлүү пайыздык ставка -Еврибор + карыздын иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммасына жылдык 1,0%(6 айлык);

- сатып алынган жабдуулар жана кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндө күрөөлүк камсыздоо;

- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 23-майында жана 23-ноябрында 25 бирдей бөлүк менен төлөнөт, мында кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2019-жылдын 23-майына жана кредитти жоюунун акыркы датасы - 2031-жылдын 23-майына туура келет;

- төлөмдөр кечиктирилген учурда финансылык санкциялар, мөөнөтү өткөн карыздар келип чыккан убакыттан тартып бул карыздарды толук жоюу датасына чейин - Еврибор + жылдык 2 %;

- Кредиттик макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 60 күндөн кийин чегерилүүчү жана Кредиттик макулдашуу күчүнө киргенден кийин төлөнүүчү кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5 % өлчөмүндөгү комиссия;

- эсепти ачуу үчүн кредиттин суммасынан 1 % өлчөмүнде бир жолку комиссия.

 

Премьер-министр

С.Дж.Исаков