РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 10 апреля 2018 года № 128-р (О внесении изменений в распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 24 декабря 2013 года № 506-р)

Редакцияот 10.04.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 10-апрели, № 128-б

Кара-Балта шаарынын мэриясы алган мамлекеттик карыз каражаттарын кайтарууну камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-декабрындагы № 506-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктунда:

- экинчи абзацындагы «2,5» деген цифралар «1,5» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- насыянын негизги суммасы жана пайызы тең бөлүктөр менен жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 30-июнунда жана 31-декабрыңда төлөнөт, мында насыянын биринчи төлөмү насыя өздөштүрүлүп башталган күндөн тартып төлөнөт жана насыяны төлөөнүн акыркы күнү - 2027-жылдын 30-июну;»;

- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- насыянын ездөштүрүлбөгөн суммасы үчүн комиссия - жылына 0,5 пайыз, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууга кол коюлган датадан тартып 60 күн өткөндөн кийин эсептелет, мында насыя өздөштүрүлгөн датадан тартып 60 күндөн кийин жоюлат;».

2. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуудан кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Дж. Исаков