Распоряжение Правительство Кыргызской Республики от 28 марта 2020 года № 112-р «О рациональном и эффективном распределении денежных средств, поступающих от физических и юридических лиц в виде добровольных пожертвований для финансирования мероприятий по борьбе с коронавирусной инфекцией (COVID-19) на территории Кыргызской Республики»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 28-марты № 112-б
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндөгү жеке жана юридикалык жактардан түшүүчү акча каражаттарын туура жана натыйжалуу бөлүштүрүү, ошондой эле келип түшкөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндөгү жеке жана юридикалык жактардан түшүүчү акча каражаттарын, ошондой эле келип түшкөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия төмөнкүлөрдү бекитсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндөгү жеке жана юридикалык жактардан түшүүчү акча каражаттарын бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө жобону;
- Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын кесепеттери менен күрөшүү үчүн келип түшкөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө жобону.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияны жоюуга багытталган иш-чараларды каржылоо үчүн депозиттик эсепти ачсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-мартындагы № 76-б буйругуна ылайык ачылган башкаруучу эсептеги топтолгон каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү жана андан ары жайылтууга жол бербөө боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн депозиттик эсепке которсун.
- ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн акча каражаттарын, ошондой эле гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кылжыев Самат Аскербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Комиссиянын төрагасы; |
Аскаров Замирбек Марипбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Нышанов Сайдулла Канболотович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Касымалиева Аида Камчыбековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Турусбеков Бактыбек Сагындыкович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Маматканов Улан Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Абдыбалы тегин Суеркул | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Исаев Амангелди Сапарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Усубалиев Максат Абдыкадырович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү мониторинги бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Атакулов Мирлан Муратович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин финансылык саясат башкармалыгынын начальниги; |
Турдубекова Назгуль Усеновна | - | "Лига защитников прав ребенка" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
Суйуналиева Бурулсун Шаршеновна | - | "Фонд развития социальных услуг" коомдук фондунун жетекчиси, БУУнун экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин улуттук консультанты (макулдашуу боюнча). |