Постановление Правительства КР от 14 июня 2005 года №211 " О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 19 июня 2001 года №279 «О предоставлении земельного участка для расширения территории с. Ново-Павловка Ново-Павловского айыл окмоту Сокулукского района Чуйской области»
Этот документ есть на русском языкеРусский
Бишкек шаары,Өкмөт үйү2005-жылдын 14-июну, №211 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-июнундагы № 279 «Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн Ново- Павловка айылынын аймагын кењейтүү үчүн жер участкасын берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык муктаждыктарынканааттандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-июнундагы № 279«Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн Ново-Павловка айылынын аймагын кењейтүү үчүн жер участкасын берүү жөнүндө»токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерден 100,0 гаБишкек шаарынын мэриясына кийин Кыргыз Республикасынын жарандарынажеке менчик турак жай курууга берүү үчүн өткөрүп берилсин жана КыргызРеспубликасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айылөкмөтүнүн карамагында 83,3 га аянт жер участок калтырылсын». Премьер-министр К.Бакиев