Распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 13 ноября 2020 года № 371-р (О внесение изменение распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 16 февраля 2000 года № 49-р)
Этот документ есть на русском языкеРусский
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 13-ноябры № 371-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-февралындагы № 49-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык комиссиядагы Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын курамында:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, делегациянын жетекчиси;".
Премьер-министр | С.Н.Жапаров |