РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Кабинета министров Кыргызской Республики (Об утверждении Совета по присуждению премий Кыргызской Республики по качеству)

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

БУЙРУК

 2021-жылдын 15-майы № 38-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңеш тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 60-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

У.Марипов

 

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кеңештин төрагасы;

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;

Кыргыч Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору - Кеңештин катчысы.

Кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Кыргызстандын ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча);

Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.